20:17
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Суу сактагычтын жанында киши өлтүрүүгө шектелип алты адам кармалды

Милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектелген алты кишини кармашкан. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы
Фото Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы

20-февралда милицияга Лесное айылынын капталынан Ала-Арча суу сактагычынын жанынан адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барышып, маркумдун өздүгүн такташкан. Анда мурда бир нече жолу соттолгон 44 жаштагы А.А болуп чыккан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголду. Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кармалган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына алты адам киргизилди. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар