17:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

УКМКнын төрагасынын мурдакы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды

УКМКнын төрагасынын мурдакы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Болот Сүйүмбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча шектелүүдө. Ал козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган.

Болот Сүйүмбаев сурака келбей жаткандыгына байланыштуу ага издөө жарыяланды.

УКМКнын төрагасынын орун басары боюнча маалыматтарды нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 (КР ИИМ нөөмөт бөлүмү) телефон аркылуу кабар берсеңиздер болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар