11:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жаңы жылдык майрамга байланыштуу Бишкекте коомдук транспорттун графиги өзгөрөт

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу Бишкекте коомдук транспорттун графиги 31-декабрь жана 1-январда бир аз өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

31-декабрь күнү № 2, № 4, № 7, № 8, № 10, № 14 троллейбус жана автобус, маршруттук таксилер саат 6:00дөн 00:00гө чейин иштейт.

1-январда автобус менен троллейбустар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми маршруткалардын 0:00гө чейин элге кызмат кылары айтылды.

Эгерде коомдук транспорт боюнча маселе жаралса, шаардыктар төмөнкү номерлерге чалса болот:

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруттук таксилер боюнча) — 0 (312) 533 648 (диспетчерлик кызмат), 0550143637;

«Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу» ишканасы (автобустардын иши боюнча) — 0 (312) 534 824 (диспетчерлик кызмат), 0553 022 753;

Бишкек троллейбус башкармалыгы — 0 (312) 635 199 (диспетчерлик кызмат), 0700411905.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума