06:35
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте № 227 автобус каттай баштады

15-майдан тарта Бишкекте № 227 автобус каттай баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин анын ордуна кичи автобус каттап келген.

Маршруттун акыркы аялдамалары «Ак-Ордо» жана Көк-Жар конуштары болот. Линияда 20 автобус бар, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы


Коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөөгө болот. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.

Эң көп окулган жаңылыктар