16:25
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

№ 55 автобустун маршруттук каттамы кайрадан өзгөртүлдү

№ 55 автобустун маршруттук каттамы кайрадан өзгөртүлдү. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынан» билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-апрелден тарта № 55 автобус эски каттамы боюнча жүрө баштайт.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия 9-апрелден тарта № 56, 55 жана 226 автобустарынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөргөнүн билдирген. Андан кийин № 226 автобус «шаардыктардын даттанууларына жана № 17 троллейбустун маршрутуна окшош болгондугуна байланыштуу» мурунку кыймыл схемасы боюнча жүрө баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар