21:22
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкекте № 14 троллейбустун кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте № 14 троллейбустун кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн № 40 автобустун айдоочусу Дэн Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги троллейбус линиясынын таянычын сүзгөн.

«Ыкчам маалымат боюнча, айдоочунун ден соолугу кескин начарлап кеткендиктен жолдон чыгып кетип, жол кырсыгына кабылган», — деп билдиришти мэриядан.

 Айдоочудан тышкары үч адам жабыркап, алар амбулатордук дарылануудан өтүшүүдө.

Троллейбус линиясынын таянычы кулап калганына байланыштуу № 14 троллейбустун схемасы убактылуу өзгөртүлдү. Ал «Жал» кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума