06:57
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте дагы бир автобус каттамы ишке кирди

Бишкекте № 166 автобус каттай баштады. Мэриянын басма сөз кызматы буга чейин аталган каттамда кичи автобус иштеп келгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, автобустун акыркы аялдамалары Ауэзов көчөсүндө жана «Алтын Ордо» конушунда жайгашкан. Линияда 20 автобус иштейт, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

Коомдук транспорттун кыймылын «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу көзөмөлдөөгө болот. Алардын ар бири GPS трекер жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы

Эң көп окулган жаңылыктар