10:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектеги мектептер толугу менен 1-февралдан тарта ачылышы мүмкүн

Бишкектеги мектептер толугу менен 1-февралдан тарта ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында ордо кааланын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучуларын салттуу режимде окутууга кайтаруу пландалууда.

«15-январда тарта ачсак деп турабыз. Балким алгач жогорку класстар мектепте окуп баштайт. 1-февралга чейин баардык окуучулар келип баштайт», — деди ал.

Ал Бишкек окуу башталган аймактардагы кырдаалды дагы карап чыгарын белгиледи.

«Азыр дүйнөдө кайра англия штаммы башталды. Андан көбүнчө жаштар жапа чегүүдө», — деди Балбак Түлөбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума