01:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чүй облусунун ЖКККБ жетекчиси Шаирбек Бопонов кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Шаирбек Бопонов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Ички иштер органдарындагы коррупциялык фактыларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, «Актилек автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда турган Чүй ОИИБнин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан пара алуу фактылары катталды.

Жол кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүүнү шылтоолоп, эл аралык жүк ташууга катышкан автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5 миң сомго чейин алып турушкан.

«Актилек-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунан күн сайын 200гө чейин унаа жүк ташыйт.

Ушул жылдын 24-декабрында үч инспектор — «М.Т.М.», «Ш.Р.М.», «А.С.А.» кармалды.

25-декабрда бул коррупциялык ишке тийиштиги болгон үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Шаирбек Бопонов кармалды.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башка кызматкерлердин да бул ишке тийиштиги бар-жогун аныктоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар