09:16
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Москвада мекендештерин тоногон кыргызстандыктар кармалды

Москва шаарынан ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдайт.
 
Маалыматка караганда, Чүй облусунун 1997-жылы туулган К.Б. жана Ысык-Көл облусунун 1998-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну кармалды.
 
 
Алар акыркы жолу Москва шаарында такси кызматында иштеген мекендешин коркутуп, 8700 рубль өлчөмүндөгү акча каражатын алып, кошумча 30 000 рубль берүүсүн талап кылган.
 
ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү бул кармалган жарандардан жабыр тарткандар болсо Өкүлчүлүккө +7 (926) 890-87-00 телефон номуруна кайрылууну суранат.
 
Эң көп окулган жаңылыктар