12:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Жогорку соттун жообу

Жогорку Соттун маалымат кызматы мекеменин төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматка жооп берди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында Гүлбара Калиевага «Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү кылмыш ишине тийиштиги бар экенин кабарлаган.

Бул иште мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилген.

Жогорку сот күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциби болушу керектигин эскертип, жарандын айыбы далилденип, сот өкүмү чыкканга чейин ал күнөөсүз деп саналарын айтууда.

«Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүү боюнча долбоор Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү» программасынын алкагында жасалган. Тендер өткөрүү, аткаруучу компанияны тандоо иши эл аралык уюм тарабынан жүргүзүлөт. Андыктан Жогорку соттун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин айтылган айыптоого тиешеси жок«, — деп айтылат маалыматта.

Мекеме сот бийлиги акыркы күндөрү аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан негизсиз айыптоолорго кабылып жатканын белгилейт.

«Алар сотко чейинки иликтөө жүргүзүлүп жаткан маселелерди коомдук талкууга алып чыгууда. Мындай айыптоолор сотторго болгон элдин ишенмин азайтып, беделин түшүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар