07:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Токмокто 15 жашар өгөй кызын зордуктаган киши камакка алынды

Токмокто 15 жашар өгөй кызын зордуктаган киши камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыздын тайенеси дагы шектүүгө каршы көрсөтмө берген.

Белгилей кетсек, Токмокто 15 жашар өспүрүм акыркы 2 жылдан бери өгөй атасы тараптан зордукталып келе жатканы жактоочу Шердор Абдыкапаров айтып чыкты. Ага кыздын тайэжеси мене тайенеси кайрылышкан. Кыздын өз апасы милиция кайрылууга каршы чыгып, күйөөсүн жактаганы айтылат.

Өспүрүм кыз психоневрологиялык ооруканага жаткырылган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өспүрүмдү мектепке барбай калганын, үй-бүлөдө 8 бала тарбияларын маалымдашты.

Эң көп окулган жаңылыктар