20:25
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражатка Ош шаарында мектеп курулду

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, бүгүн, 22-декабрда Ош шаарында Нариман атындагы орто мектептин кошумча окуу имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары менен жолугушуусунда Талант Мамытов 1200 адамга ылайыкташкан мектепте буга чейин орун жетишсиз болуп, 4 миңге жакын балдар окутулуп келгенин белгиледи.

«Кошумча имараттын курулганы Нариман орто мектебиндеги орундардын жетишсиздик көйгөйүн чечет. Ал башка көптөгөн мектептерде бул көйгөй курч бойдон калууда», — деп айтты.

Белгилей кетсек, курулуш иштери 2019-жылы башталган. Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттардан чогулган бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланган.

Үч кабаттуу окуу имараты 24 окуу кабинетинен, ошондой эле ашкана, медициналык кабинет, окуучулардын кабинети, китепкана жана окуу залынан турат.

Эң көп окулган жаңылыктар