09:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бир жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн 300дөй кыргызстандык мигрант каза болот

Бир жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн 300дөй кыргызстандык мигрант каза болот. Бул тууралуу Мигранттын эл аралык күнүнө арналган иш-чарада айтылды.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматында, үстүбүздөгү жылдын башынан бери сөөктү Кыргызстанга алып келүү үчүн 260 арыз берилип, 13 миллион сом бөлүнгөн. 2018-жылы 191 арыз берилип, 8,8 миллион сом, 2019-жылы 288 арыз берилип, 14,4 миллион сом берилген.

Чет өлкөдөн жүк-200дү алып келүү үчүн 50 миң сомдон төлөнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар