07:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Талант Мамытов Мигранттардын эл аралык күнү менен куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-декабрда, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кыматы билдирет.

Айтымына, 2020-жыл бүткүл адамзат үчүн татаал сыноо болду. COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясы ар бир адамга кыйынчылык алып келип, бөтөн жерде жүргөндөргө өзгөчө оор болду.

«Эмгекчи мигранттардын көйгөйлөрү, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер, диаспоралар менен өз ара аракеттенүү маселелери өлкөнүн жетекчилигинин саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон кала берет деп сиздерди ишендирип кетем. Биздин алдыбызда Кыргызстанга кайтууну, бизнесин ачып, туулуп-өскөн жеринде жашоону жана иштөөнү каалагандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү милдети турат», — деди ал.

Ошол эле учурда эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо жана коопсуз миграция чараларын иштеп чыгуу боюнча иштер улантылаарын эскертти Талант Мамытов.

«Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында миграция, чет өлкөдөгү мекендештер жана диаспоралар маселелери боюнча кеңеш түзүлгөн. «Мекеним» программасын иштеп чыгуу аяктоо алдында турат. Коронавирус пандемиясы убагында ортодогу аралыкка карабай кыргызстандыктар сиздерден колдоо тапты. Сиздердин күч-аракетиңиздер менен Кыргызстанга гуманитардык жана материалдык жардамдар, медициналык жабдуулар, зарыл медикаменттер жөнөтүлдү», — деп сөзүн бүтүрүп, мекендештерибизге бекем ден соолук, бейпилдик, бакты-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар