05:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москвада уулун темир менен сабаган кыргызстандык 3,5 жылга соттолду

Москвада уулун темир менен сабаган ата 3,5 жылга соттолду. Бул тууралуу россиялык ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Эмилбек Жунусов жашы жете элек өспүрүмдү тарбиялоо милдеттерин аткарбаганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ал 3,5 жыл жалпы эрежедеги колонияда жазасын өтөйт.

Эскерте кетсек, Эмилбек Жунусов уулун темир түтүк менен уруп жаткан видео апрель айында социалдык тармакта тараган. Видеону күйөөсүн токтото албаган аялы тарткандыгы маалым.

Жарандыгын өздүгүн аныкталып, ал күнөөсүн мойнуна алып, кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар