03:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Конституциялык кеңешме баш мыйзамдын долбоорун талкуулап бүттү

Конституциялык кеңешме баш мыйзамдын долбоорун талкуулап бүттү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында айтылды.

Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, эми юристтерден жана тилчилерден турган жумушчу топ текстти бир сыйра карап чыгат. Алардын сын-пикирлеринин жана сунуштарынын негизинде кеңешменин секциялары өз профилдери боюнча кайрадан иштешмекчи.

Белгилей кетсек, конституциялык кеңешме ноябрь айында президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тарабынан түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар