17:46
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

COVID-19. Медиктерге карата 75 сотко чейинки өндүрүш башталды

Саламаттык сактоо министрликтин кызматкерлерине карата Финпол 75 сотко чейинки өндүрүшүн баштады. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Сыймык Жапыкеев билдирди.

Айтымында, кызматкерлер мыйзам бузууга айлык акысы аз болгондуктан же жетекчилердин буйругунан кийин барышкан.

«Пандемия жүрүп жатканда медиктер мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиришти. Учурда кылмыш жоопкерчилигине мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев тартылды», — деди Сыймык Жапыкеев.

Эске салсак, мурдагы аткаминер кызмат абалынын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар