11:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткенде жол кырсыгына кабылган унаадан баңги зат табылды

Баткенде жол кырсыгына кабылган унаадан баңги зат табылды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 7-декабрь күнү Баткен районунун Жаңы-Жер айылында болгон.

Ош-Исфана унаа жолунун 221 чакырымында «Хендай солярис» үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен.

Автоунаанын айдоочусу Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Унаанын арткы жүк салгычынан кызыл-кара түстөгү «Sports» деген жазуусу бар спорттук сумка табылып алынып, салмагы 3кг болгон банги зат табылды.

Эң көп окулган жаңылыктар