Октябрь айында болуп өткөн окуялардан кийин парламентке бир да келбеген Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумуна келди.
Ал отурум залында бир нече мыйзам долбооруна добуш бергиче калды.
Асылбек Жээнбеков 10-январда референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун колдогон добуш берди.
Эске салсак, аталган мыйзам долбоору бүгүн биринчи окулушта жактырылды.