02:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жаңы жылдык кечелерге тыюу салынды

Өкмөт жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салат. Бул тууралуу брифингде вице-премьер Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Айтымында, мындай корпоративдер көп сандагы адамдардын чогулуусу менен өтөт.

«Баары жеңил кийинип жүрөт, сезондук грипптин жайылышы мүмкүн. Баарыбыз майрамдарда социалдык аралык сакталбай, бет кап тагынгандар болбой турганын көрдүк. Суроого так жооп берейин, бир да жаңы жылдык кече өтпөйт», — деди аткаминер.

Вице-премьер мамлекеттик кызматкерлер да майрамдабай турганын белгиледи. Мындай тапшырма Республикалык штабдан берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар