Жалал-Абад шаарында 23-ноябрдан мектептер жана башка коомдук жайлар иштей баштаарын калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык штабдын чечими менен 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке барып-келип билим алары белгиленген. Ал эми калган класстын окуучулары онлайн окуусун уланта бермекчи. Чечим менчик мектептерге да тиешелүү.
«Мектептерден тышкары унаа базарына, муниципалдык мончолорго коюлган чектөө токтотулуп, кадимки тартипте иштей турган болду. 20-ноябрдан тарта санитардык нормаларды сактоо менен мечиттерде жума намазы окула баштайт. Коомдук тамактануучу жайлардын саат 20.00дөн кийин иштөөсүнө салынган чектөө да алынды. Бирок адамдын саны 50дөн ашпашы шарт. Чайканалардын да иштөөсүнө уруксат берилди», — деп айтылат маалыматта.
Мэрия, мындан тышкары, бильярд залдарына коюлган чектөө да алынганын кошумчалады.
Ал эми бала бакчаларга, интернет клубдарына, той-аштарга байланыштуу киргизилген чектөөлөр күчүндө калды. Ошондой эле базарлар график менен жумасына бир ирет жабылып, санитардык күн өтөт.