22:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Канат Исаев: Өлкөнү укуктук башаламандыкка жана зомбулукка түртүп жатышат

Конституциялык мөөнөтү бүткөндүктөн жалпы элдин кызыкчылыгын менен байланышкан чечимдерди кабыл алууга Жогорку Кеңештин азыркы курамынын моралдык, укуктук да негизи жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин депутаты Канатбек Исаев 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, конституциялык референдум демилгеси менен бийлик жана мыйзам долбооруна кол коюп беришкен депутаттар өлкөнү кайрадан укуктук башаламандыкка, зомбулукка түртүп жатышат.

Бизге кокон хандыгынын тартиптерин орнотууга багытталган бакиевдин конституциясын кайра эле алып келип жатышат.

«Мындай шашылуунун кимге кереги бар? Бул элди өткөн кылымга, кулчулук доорго кайтарып алып баруунун тактикасы. Учурунда Атамбаевдин тобу эч нерсени көзгө илбей, мыйзамсыз түрдө Конситуцияны өзгөртүүгө киришип калганда, мен мындай өзүм билемдикке каршы чыккам, парламентте ачык айткам жана ошол саясий кадамдарым үчүн кысымга туш болгом. Бул окуя элдин эсинен кете элек. Азыр дагы өзүм билемдикке, мыйзамсыз иштерге каршымын. Туура, азыркы конституциянын мүчүлүш жерлери бар, менде деле суроолор көп, бирок алар конституциялык төңкөрүшкө негиз эмес», — дейт ал.

Канат Исаев, мамлекет деген кимдир бирөөнүн жеке менчиги эместигин белгилейт. «Бул чындыкты ким унутуп калса, эл ага тез эле эскертип койот», -деп эскертет Канат Исаев.

Анын айтымында, учурдагы Конституция реформага муктажы. Бирок, аны терең ойлонулган, негиздүү болуусу шарт, мыйзамдуу процедуралар менен регламенттер толук сакталып, өнүгүүгө, прогресске кызмат кылышы керек.

«Өлкөдө саясий, коомдук, экономикалык абал уламдан улам чыңалууда. Коронавирус пандемиясы күч алып, терең кризиске учурадык. Бюджет абдан тартыш, биринчи кезектеги төлөмдөргө каражат жетишпей жатат. Ал эми биз — депутаттар, ушундай оор мезгилде саясий оюндар менен алек болуп жатабыз! Бул иш аракеттердин баары иш жүзүндө мыйзамсыз», — дейт Канат Исаев.

Эл шайлоонун жыйынтыгына нараазы деген шылтоо кылып бийликти кылмыштуу жол менен басып алынгандыгын мойнубузга алалы. Ал кезде ар бир депутатка кысым болгон, азыр деле ал уланууда.

Канатбек Исаев.

«Бул жөнүндө ачык айтпасак, кеч боло электе токтотпосок, дагы бир жолу тузакка түшүп, кан төгүлүүнүн астында турабыз. Туруктуулук негизги көйгөйүбүз болуп турганда кээ бир саясий күчтөр эйфорияга кирип, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы келген конституцияны өткөрүп алууга аракет кылып жатышат», — дейт ал.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан ойлонбогон кадамдарга бара турган абалда эместигин унутпоо керек. Анын үстүнө жаңы бийликти эл аралык деңгелде эч ким тааный элек жана кабыл алган жок.

Канат Исаев.

Канат Исаев депутаттарды бул демилгеден баш тартууга чакырат.

«Болбосо ал чыккынчылык катары кабыл алынат жана ошол себептен парламент таркатылышы керек!
Биздин чакырылыш коомчулуктун шылдыңына айланганы аз келгенсип, эми биз элибиздин жек көрүндүсү болуп калабыз», — деп кайрылат депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар