23:58
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

УКМК: Кыргызстандын жарандарына болгон визалык чектөөлөр алынат

Кыргызстандын жарандарына карата болгон визалык чектөөлөр алынып, биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү кыргыз жарандарына биометрикалык паспорттор берилип, эл аралык ICAO PCD маалымат кампасына кошулат.

Буга чейин кыргызстандыктарда биометрикалык паспорттордун жоктугунан улам АКШнын адиминистрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген.

2020-жылдын соңку айларына чейин Мамлекеттик каттоо кызматы германиялык «Muhlbauer ID Services GmbH» компаниясы менен биометрикалык паспорттордун бир бланкасын 407 сомдон чыгаруу боюнча келишимди макулдашат.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы биометрикалык паспорттордун кечигишине бланкаларды алып келүүдөгү жана чыгаруудагы коррупциялык иштер себеп болгонун иликтеп чыкты.

«Бул иликтөөдө Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчилиги тендерди шектүү компания жеңип чыгышына шарт түзүп, мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген коррупциялык фактылар аныкталып, сотко чейинки тергөө иштерине жиберилди. Эгер бул келишим ишке ашса, биометрикалык паспорттун бир бланкы 585 сомдон сатылмак. Келишимдеги чыгымдын айырмасы 1,5 миллион сом болуп, жалпы суммасы 253 миллион сом болмок», — дейт УКМК.

Эң көп окулган жаңылыктар