23:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бажы кызматы салык боюнча планды аткара албады

Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин көчмө жыйыны Финансы министрлигинде өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында «2021-жылдын бюджети, 2022-2023-жылдарга карата божомолу тууралуу» мыйзам долбоору талкууланды. Республикалык бюджеттин параметрлери менен экономика министри Санжар Муканбетов тааныштырды.

Мындан сырткары, жыйында 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси да каралды. Финансы министри Кыялбек Мукашевдин айтымында быйыл жалпы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 137 млрд 100 млн сом болууда. Такталган бюджет боюнча тартыштык 36 млрд сомдон ашты.

Министр өлкөдөгү бардык тармактардын каржылоосу тууралуу маалымат берип, тышкы карыздарды кайтаруу маселесине да токтолду. Башкы финансисттин айтуусунда тышкы карызды төлөөнүн басымдуу бөлүгү 2025-2030-жылдарга туура келет. Маселен, 2025-жылы 400 млн доллардай тышкы карыз төлөнөт.

Ошондо эле жыйында Бажы кызматы бекитилген планга жетпей жатканы белгилүү болду. Бажычылар Кытай менен чек ара жабык болгондугун жүйөө келтирди. Өткөн жылы Кытайдан 36 миң машина кирген болсо, быйыл 10 айда 3 миңге жетпеген машина кирген. Пандемия салыктык жана бажылык түшүүлөрдүн көрсөткүчүнө өтө терс таасирин тийгизген.

Эң көп окулган жаңылыктар