USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Баткенде пара менен бажы инспектору кармалды

15:47, 28 августа 2025, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын Баткендеги улук инспектору пара бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-августта пара берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иштеринин натыйжасында 1000 доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Мамлекеттик бажы кызматынын «Баткен» бажысынын улук инспектору К.Г.Б. кармалды.

Шектүү

Кармалган бажы кызматкери Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башкармалыгынын кызматкерине кызматтык иликтөө боюнча оң чечим чыгарып берүүсү үчүн пара берген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында инспекторго карата «Пара берүү» беренесинин негизинде айып тагылып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика