16:28
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кашкар Жунушалиевдин Москвадагы концертке катышканы төгүндөлдү

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Россияда концерт көрүп отурганы боюнча тараган видео быйыл тартылган эмес. Муну «Биринчи каналдын» расмий сайтына жарыяланган видео тастыктайт.

Бүгүн айрым ЖМКлар «Октябрь окуясында качып кеткен ИИМ башчысы Россияда концерт көрүп отурат» деп жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы 10-ноябрда Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык концерт өткөн. Ал эми Жунушалиевдин тарап жаткан видеосу ошол учурда тартылган.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кызматын таштап качып кеткен. Премьер-министр Садыр Жапаров ал кайда экени белгисиз деп айтып, изделип жатканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар