07:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров тышкы карызды төлөө боюнча акча чогултуу демилгесин колдойт

«Тышкы карызды төлөө боюнча акча чогултуу — элдин демилгеси», — деди президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров бүгүнкү маалымат жыйында.

«Бул элдин демилгеси, ишкерлерден, жана колунда бар адамдардан сунуш түштү. Карызды төлөөнүн ушундай ыкмасына каршы чыккандар да бар. Акчаны өз ыктыяры менен гана төксө болот. Ким каалабаса — кыжалат болбосун. Эч ким силерди мажбурлабайт. Атайын эсеп боюнча социалдык тармактарда маалымат көрбөдүм, ал жерде активдүү маалымат тараткандар жок окшойт», — деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров Кытайдын карызын төлөө үчүн өкмөт булактарды издеп жатат деген эле.

Эң көп окулган жаңылыктар