15:56
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бишкек мэриясына караштуу башкармалыктын мурдагы жетекчиси кармалды

Финпол Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчисин кармады. Бул тууралуу кызматтан басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалын пайдалануу менен 70 миллион сомдук пайдасыз келишимдерди түзүшкөн.

«Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилик кызматтагы адамдары мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы иш алып барышкан. Алар «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамды бузуп, бала бакча курууда 70 миллион сомго жакын пайдасыз келишимдерди түзүшкөн», — дешти Финполдон.

Бүгүн түштөн кийин Биринчи май райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карайт.

Эң көп окулган жаңылыктар