01:19
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алат

Быйыл Кыргызстан Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров билдирди.

Ал 5-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында коңшу мамлекеттен электр энергиясын сатып алуу зарылдыгын Токтогул суу сактагычында суунун аз топтолгону менен байланыштырды.

«Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында 14,7 млрд. куб метр суу топтолду. Бул былтыркыга караганда 2 млрд. куб метрге аз болуп жатат. Электр энергиясын камсыз кылыш үчүн өкмөттүн буйругуна ылайык, Казакстан менен 300 млн. киловат саат электр энергиясына товар алмашуу болду. Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан баасы 2,4 америкалык центтен 500 млн. киловат саат электр энергиясын импорттоо боюнча чечим кабыл алынган», — деди Равшанбек Сабиров.

Буга чейин «Электр станциялары» ишканасы Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу аз болуп жатканын Нарын дарыясына мөңгүлөрдөн келген суунун аз болгону менен байланыштырган. Суу сактагыч эң көп дегенде 19 млрд. 500 млн. куб метрге чейин суу батыра алат.

Эң көп окулган жаңылыктар