04:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бир миллиардан ашык насыя алып, Кыргызстанды карызга батырган компания аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы 1993-жылдан 2002-жылга чейин өлкөнүн башында турган мамлекеттик органдар жана кызматкерлер чет элдик банктар менен макулдашып алып, тамак-аш, жеңил өнөр жай, фармацевтика, тоо, кен, таштандыны кайра иштетүү боюнча заводдорду өнүктүрүү максатында алынган насыяларды кымырып алган фактыларды аныктады.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таркатты. Иликтөөнүн корутундусунда айтылгандай «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» АК, «Жибек-Жолу» АК, «Казкоммерцбанк», «Жылдыз» АК, «Кыргызпотребсоюз», «Жанар» АК, «Чүй агроөндүрүш компаниясы», «Ала-Тоо» мейманкана-ресторандар комплекси, «Кыргыз Агробизнес» компаниясы, «Буудай» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын өкмөтүнүн кепилдиги менен жалпы суммасы бир миллиард АКШ долларынан ашуун суммада 40тан көп насыя алган.

Күрөө катары өлкөдөгү алтын резервинин бир бөлүгү көрсөтүлгөн. Бирок, алынган насыялар өлкөгө келбей, чет элдик банктар менен өз ара макулдашылып, башка өлкөдөгү банктарга которулуп турган.

Насыя алгандар акыры банкрот деп жарыяланып, ишканаларынын каттоосун жок кылышкан. Насыянын мөөнөтү өтүп кеткенде чет элдик банктар алтын менен коюлган күрөөнү алып турушкан. Бул насыялардын бир бөлүгү азыркыга чейин төлөнүп жатканы маалым болду.

УКМК Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки териштирүү баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар