17:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Экономикалык амнистиядан бюджетке 400 миллион сом түштү

Акыркы айда козголгон кылмыш иштеринин алкагында өлкө казынасына 400 миллион сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчысы Садыр Жапаров жарыялаган экономикалык амнистия өз жыйынтыгын берүүдө.

«Бүгүнкү күндө козголгон жана тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча мамлекетке акча каражат түшүүдө. Жарлыктын алкагында 400 млн сомго жакын каражат мамлекеттин казынасына келип түштү. Ал эми кылмыш иши козголбогон, бирок коррупцияга аралашкан аткаминерлердин эч кимиси каражат төгө элек. Атайын органдар ар бир мыйзамсыз табылган мүлкүнө иликтөө жүргүзөт», — дейт Курманкул Зулушев.

Эскерте кетсек, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров тарабынан бир айлык мөөнөткө экономикалык амнистия жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума