21:54
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Казакстан кайтадан чек арасында чектөө киргизди

Казакстан кайтадан чек арасында чектөө киргизди/ Бул тууралуу Республикалык штаб Казакстан өкмөтүнө караштуу ведомстволор аралык комиссиянын чечимине шилтеме жасап билдирет.

Маалыматка ылайык, Казакстандын аймагында жашоого уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чек арадан 90 күндө бир жолудан ашык эмес өтүүгө уруксат берилет (мурда 30 күн болчу).

Ошондой эле, 2021-жылдын 1-майына чейин 57 өлкөнүн жарандарына визасыз режимди токтотуу узартылды жана 2021-жылдын 1-январына чейин КЭР жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөрдүн Казакстандын аймагына 72 сааттык визасыз келиши узартылды.

Түркия менен эл аралык авиакаттамдары үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрынан тартып жумасына 33төн 20га чейин кыскартуу пландаштырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар