21:59
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн Ошто элди чогултат

Өкмөт башчысы Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарында эл менен борбордук стадиондо жолугат. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун түштүк облустарына иш сапары уланууда. Ал кечээ Баткен облусундагы стадионго элди чогулткан.

Эртең, 4-ноябрда Жапаров Жалал-Абад облусуна барат.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына коронавирус жугузгандардын саны өсүүдө. Эки облуста чектөөлөр киргизилген. 

Эң көп окулган жаңылыктар