ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары С.Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ЖККББнын жетекчилик кызматтагы адамдары сый акы алганы боюнча коррупциялык схема аныкталган.
24.kg агенттигине маалым болгондой, жогоруда аталган шектүү Нур Сатыбалдиев. Ал бир жыл мурун Бишкекте түзүлгөн Кайгуул күзөт милициясына адамдарды жумушка алууда акча алып турган деп шектелип жатат.
Мындан сырткары, ал иштеп жаткан милиционерлерди кызматынан көтөрүү үчүн пара алып турганы кабарланды.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси («Пара алуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.