Президенттик шайлоо 10-январга белгиленди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Мекеменин жетекчиси Нуржан Шайлдабекованын айтымында, президент отставкага кеткен учурда бир жуманын ичинде кезексиз шайлоонун мөөнөтүн парламент белгилейт. Жогорку Кеңеш чечим кабыл албаса, Боршайком эки жуманын ичинде шайлоо күнүн аныктайт.
"Шайлоо президенттин отставкасынан кийин үч ай ичинде өтүшү керек", - дейт ал.
Акыркы мөөнөт 16 -январь болгондуктан, шайлоо жекшемби күнү 1-январда өтмөй болду.