18:19
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. 45 жашка чейинки адамдардын арасында вирус жуктургандар көп катталууда

45 жашка чейинки адамдардын арасында вирус жуктургандар көп катталчу болду. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» эфиринде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айтымында, жаштардын арасында вирусту жуктургандардын санынын өсүшү шайлоодон кийин болгон митингдерге да байланыштуу.

«Ал жерде маска тагынгандар аз, ал эми аралык сактоо жөнүндө айтпай эле койсо болот. Ошондуктан инфекциянын тез жайылышына өбөлгө түзүлдү», — дейт аткаминер.

Эске салсак, өткөн суткада өлкө боюнча 582 киши коронавируска кабылганы аныкталды, анын ичинде Бишкек шаарында 63 учур катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар