04:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Бишкектик дарыгерлер Баткен, Ош, Жалал-Абаддагы кырдаалды иликтейт

Бишкек шаарынын дарыгерлер тобу Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды дыкат иликтейт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн тапшырма берди.

Өкмөттүн жыйынында түштүк облустарындагы кырдаал талкууланып, абалды иликтөө үчүн саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектеген дарыгерлер тобун жөнөтүү тапшырылды.

«Учурда Бишкек шаарындагы кырдаал салыштырмалуу тынч, ошондуктан күчтү кооптонууну жараткан аймакка жумшоо керек. Баткен облусундагы абалды жакшыртуу жана оорулуулардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл. Аталган аймактардагы жагдайды талдап, илдетти жуктургандардын көбөйүшүнүн себебин аныктоо шарт. Коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткандарды аныктап, ооруканага жайгаштыруу же үй карантинине алуу мүмкүнчүлүгүн кароо максатында мурдагыдай эле, үймө-үй кыдыруу иш-чарасын өткөрүү керек», — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча облус жетекчилеринин жоопкерчилигин дагы бир жолу эскертти.

«Ишенип жетекчиликке алууга берилген аймактарда ар бириңер ишти так жүргүзүүгө тийишсиңер. Эгерде кандайдыр бир маселе чыгып, кыйынчылыктар жаралса, элдин массалык түрдө оорушуна алып келишине жеткирбей токтоосуз түрдө Республикалык ыкчам штабга кайрылуу керек. Калк арасында санитардык нормаларды сактоонун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүсү зарыл. Бул иштер жарандардын ден соолугун сактоо максатында жасалат», — деди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар