15:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

2020-жылдын соңунда Кыргызстандын экономикалык жоготуусу 5,6 пайызды түзөт

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикабыз 5,6 пайызга түшүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында экономика министринин орунбасары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, курулуш жана тейлөө тармактарынын кирешеси төмөндөп кетти. 

 Үстүбүздөгү жылдын сегиз айынын ичинде курулуш тармагынын кирешеси 7,8 пайыз, тейлөө кызматыныкы 9,8 пайызды түздү.

Ошол эле мезгилде айыл чарбачылыктын кирешеси өсүүдө, ал 1,8 пайызга жетти, ал эми өнөр жайында 0,2 пайызды түздү.

«Пандемия өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына залалын тийгизди. Маселен, Россиянын экономикасы 4,3 пайызга, Беларустуку — 1,3 пайызга, Казакстандыкы — 3 пайызга, ал эми Арменияныкы 5,7 пайызга төмөндөдү. Эл аралык каржылык институттары 2020-жылга карата дүйнөлүк экономиканын прогнозун начарлатты. Мисалы, Эл аралык валюта фонду аны 1,9 пайызга начарлатып, быйыл экономика дагы 4,9 пайызга төмөндөп кетээрин билдирди», — дейт Автандил Алыбаев.

«Коронавирустун экинчи толкуну болса да, жаз айларындагыдай катуу карантин болбосо экен деп тиленип жатабыз. Пандемиядан улам бюджет оптималдаштырылды. Азыр каражатты үнөмдөп жатабыз, мисалы иш сапарларына акча бербей калдык. Абал жакшырып бара жатат, өндүрүш мекемелери ишин жандандырды, салык төлөнүп жатат. Сырттан каражат тартуу жаатында иштеп жатабыз, тышкы карызды реструкташтырдык», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар