12:29
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Транспорт министрлигинин ишинен Кыргызстандын бюджетине 55 миллион сомдой түштү

2023-жылдын 11 айында Кыргызстандын бюджетине 55 миллион 789 миң сом түшкөн. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев маалымат жыйынында билдирди.

Мекеменин башчысы транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн эсебинен казынага түшкөн кирешенин көлөмү кыйла өскөнүн айтты. Көрсөткүч эки эсеге жакшырган.

Коррупциялык элементтерди жоюунун натыйжасында «Сосновка» жана «Кара-Көл» көзөмөл-өткөрүү пункттарында транспорттон чогултулган төлөмдөрдүн көлөмү 186,7 миллион сомду түздү. 2022-жылы 134,1 миллион сом болгон. Бул көрсөткүч 39 пайызга өстү.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев

2023-жылдын 11 айында эл аралык жүк ташууга 90 миң 894 уруксат кагазы 19 миллион 483 миң сомго берилген. 209 миңден ашуун каттам аткарылып, 3 миллион 514 миң 807 тонна жүк ташылган.

Эң көп окулган жаңылыктар