15:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Шайлоо чыгымдары. Партиялар үгүткө эки аптада 504,7 миллион сом жумшады

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт иштерине эки апта ичинде 504 миллион 787 миң сом сарпташты. Бул тууралуу Боршайком билдирет.

Белгилей кетсек, Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү.

18-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондунун чыгымы боюнча маалымат берди.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт иштерин эң кымбат жүргүзүүдө. Партияга 14 күндө 105 миллион 53 миң сом короткон.

Андан кийинки орунда «Биримдик» — 89, 6 миллион акча сарптады. Белгилей кетсек, бул партия акыркы жумада үгүткө 2 миллион сом гана чыгымдаган.

«Кыргызстан» −88, 4 миллион, «Ата-Мекен», 41,9 миллион, «Бир Бол» −38,5 миллион, «Замандаш» — 37, 2 миллион, «Республика» — 29,9 миллион, «Мекенчил» −12,3 миллион сом, «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» — 10 миллион сом, Социал-демократтар — 9 миллион, «Ордо»- 8 миллион, «Бүтүн Кыргызстан» — 6 миллион сом коротту.

Шайлоо күрөөсү үчүн элден акча топтогон «Реформа» партиясынын эсебинде 7,5 миллион сом болсо, анын 7,2 миллион сомун коротуп, үч партияны артка таштады.

 «Мекен ынтымагы», «Ыйман нуру» жана «Чоң казат» партияларынын чыгымдары 6 миллион сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби