08:17
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстандыктарды чек арадан өткөрөм деп алдаган шылуун изделүүдө

Кыргызстандыктарды чек арадан өткөрөм деп алдаган адам издөөгө салынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Кубанычбек Жээнкулов деген адам өзүн элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, Казакстан чек арасынан өткөрүүгө жардам берем деп ар бир мигранттан 7 миң рублден алган.

Алавтобус менен өткөрүүгө жардам берем деп акча алып, Башкыртстандан Оренбургга алып келген. Натыйжада шылуундун тузагына түшкөн мекендештер ара жолдо калган. Бул иш боюнча 22 киши элчиликке арыз жазды.

«Элчиликте Кубанычбек Жээнкулов деген адам иштебейт. Жоопко тартуу үчүн аны КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү издеп жатат. Мыйзамсыз түрдө акча чогултканы үчүн катуу жазага тартылат. Элчилик мекендештерди ушул сыяктуу фактылар болсо кылмыштын алдын алып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн кабарлап коюуга чакырат», — деп жазылган билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар