04:47
USD 86.50
EUR 90.34
RUB 0.85

Жанарбек Алымов: Жашыл экономикага өтүү — мезгилдин талабы

Эл аралык тажрыйбанын негизинде, бул натыйжалуу чечим деп айтууга болот. Кантсе да, бул келечектеги муундарды олуттуу экологиялык тобокелчиликтерге же экологиялык тартыштыктарга дуушар кылбастан, узак убакытка чейин адамдардын жыргалчылыгынын өсүшүнө алып келген товарларды жана кызматтарды өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөө менен байланышкан экономикалык иштин бир түрү.

Жүргүзүлүп жаткан реформаларда жашыл экономиканын принциптери өзгөчө ролду ойнойт деп эсептейм. Баарына белгилүү болгондой эле, жашыл экономика дегенибиз жаратылыш ресурстарынын өнүмдүүлүгүн жогорулатуу жана аларды сарамжалдуу пайдалануу. Ал эми жаратылышты урматтоо, айлана-чөйрөнүн жакшырышына алып келет жана бул өз кезегинде калктын ден-соолугун чыңдоого жардам берет.

Ушундан улам, энергетика, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба тармактарын камтыган инвестициялар керек. Мисалы, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү жана парник газдарынын чыгышын азайтуу керек. Жашыл экономикага өтүү инновациялык активдүүлүктү стимулдаштыраарын баса белгилөө керек. Бул үчүн жумушчу стандарттары менен атаандаштык чөйрөсүн түзүү керек.

«Жашыл экономика» түшүнүгү туруктуу өнүгүү парадигмасынын алкагында экономика, коом жана жаратылыш компоненттеринин гармониялуу айкалышын камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Азыркы учурда, бул дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жана региондорунда кризиске каршы инновациялык формациянын глобалдык курсу болуп бара жатат.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, «жашыл экономика» региондорду өнүктүрүүгө түрткү берет, социалдык туруктуулукка көмөктөшөт жана «жашыл экономиканын» тармактарында жаңы жумушчу орундарын түзүү аркылуу экономикалык потенциалды жогорулатат.

Түштүк Корея жашыл экономиканы киргизүү боюнча эң алдыңкы лидерлердин бири. Бул өлкө жашылдандыруу концепциясын улуттук стратегия катары кабыл алган жана өнөр жай, энергетика жана инвестиция, транспорттун жашыл түрлөрү, таза суунун альтернативдүү булактары, таштандыларды кайра иштетүү технологиялары, парктарды өнүктүрүү, шаар ичиндеги дарыяларды иреттөө маселелерине чоң көңүл бурат.

Түштүк Кореянын мисалында экономиканын ушул түрүнө эффективдүү өтүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Биринчи кезекте, жашыл экономика жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, калктын кеңири катмарына иштин ушул түрүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүү керек. Мен бул жааттагы эксперттердин, биринчи кезекте, жашыл экономиканын негизги шарттарын жана аныктамаларын, критерийлерин жана индикаторлорун, анын ичинде жашыл технологиялардын же тармактардын аныктамаларын макулдашуу керек деген пикирине кошулам.

Мындай аныктамалар жана критерийлер мамлекеттик каржылоо, изилдөө, жашыл сатып алуулар, эл аралык каржылык жана техникалык колдоо издөө, жашыл технологияларды тартуу, прогрессти баалоо жана жашыл экономикага өтүүнүн башка милдеттеринин артыкчылыктуу багыттарын тандоодо маанилүү. Жашыл экономика салттуу экономикалык системага караганда көбүрөөк пайда алып келет«...

Жанарбек Алымов, № 4 «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер.

«Мекеним Кыргызстан» № 4 — бул ар бир кыргызстандыктын партиясы!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар