15:39
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Казакстанда 5 жашар кызды уурдап кеткен кылмышкер кармалды

Казакстанда 5 жашар кызды уурдап кеткен кылмышкерди элге өткөрүп берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу жүздөгөн район тургундарынын катышуусундагы башаламандык учурундагы видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалым болгондой, 23-июлда саат 21:00дө Сартпаев шаарынын тургуну 5 жаштагы кызын уурдап кетишкенин айтып милиция кызматкерлерине кайрылган.

Кызды издөөгө райондун бардык милиция кызматкерлери, ыктыярчылар жана шаар тургундары чыгышкан. Натыйжада кыз көп кабаттуу үйлөрдүн биринен табылган.

Күбөлөрдүн айтымында, көп кабаттуу үйдөн кичинекей баланын ыйлаган үнү угулган. Ал үйгө милиция кызматкерлери кирип кызды алып чыгып, кылмышкерди кармап кетишкен. Бирок, топтолгондор кылмышкерди элге алып чыгып берүүнү кыйкырышып, кызды көрсөтүүнү талап кылышкан. Аны менен катар бир нече унааны өрттөп салышкан.

Учурда кыз ооруканада жатат.  

Башаламандыкты басуу үчүн Улуттук гвардиянын күчү жана жакынкы региондордогу милиция кызматкерлери тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар