01:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Руслан Рашидов көз жумду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Рашидинов Руслан Кубанычбекович 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Руслан Рашидинов эки баланын атасы. 

«Подполковник Руслан Рашидинов Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кызмат кылган мезгилинде өзүнүн тартиптүүлүгү, тажрыйбасын бөлүшкөндүгү менен өсүп келе жаткан жаш муунга үлгү боло турган мыкты аскер кызматкери катары өзүн көрсөтө алды. Кызмат өтөөдө үзүрлүү эмгеги, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуудагы кылган эмгектери үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, 2003-2020 -жылдары Өзгөчө кырдаалдар мнистрлигинде ар кандай кызматтарда эмгектенип келген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума