02:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошко Москвадан 198 кыргызстандык кайтып келди

Ошко Москвадан 198 кыргыз жарандары кайтып келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, алар S7 Airlines авиакомпаниясынын Москва — Ош каттамы аркылуу келишкен.

«Россиядагы жогорку окуу жайларда окуган студенттер, кош бойлуу аялдар жана кичинекей балдары бар аялдар учуп келишти. Ошондой эле Россияга операция жасатканга баргандар, жакындарынан айрылган жарандар, оор турмуштук кырдаалга туш болгондор дагы бар», — деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 20-мартынан 14-июлуна чейин Россиянын 21 облусунан 16 миң 581 жаран Кыргызстанга кайтып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума