01:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Баткенде сел жүрүп, турак үйлөр менен көпүрөлөр кыйрады

Баткен облусунун Лейлек районунда 12-июль күнү саат 15:00 чамасында жааган жамгырдан улам сел жүрүп, натыйжада турак үйлөргө жана айыл чарбага чоң зыян келтирилген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалмыдады.
 
Белгилүү болгондой, сел суулары үйлөрдүн ичине чейин кирип, каналдарды жууп кеткен.
Исфана шаарында үч турак үйдүн ичине, дагы үч турак үйдүн жер төлөөсүнө, короолорун суу каптаган. Раухана тилкесинде 38 бодо малды агызып, Чимген, Мурза-Патча жана Бешбала айылдарында каналдардын жээктерин жууп кеткен. Ошондой эле таза суу түтүкчөлөрүнүн башкы суу бөлүштүргүчүнө суу кирген. Мындан сырткары 200 метр таза суу түтүктөрү бузулуп, ички чарбалык унаа жолу кыйроого учураган.
 
Тогуз-Булак айылында каналдын жээктерин жана Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 338-чакырымындагы көпүрөнүн сел тосмолору кыйраган.
 
«Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Исфана шаардык мэриясы тарабынан 4 даана экскаватор, 2 куткаруучу топ тартылган. 13-июлда ички чарбалык унаа жолдорду жана таза суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлгөн. Мындан сырткары селдин кесепетинен жабыркаган электр мамычалары калыбына келтирилип, турак жайларга электр жарыгы берилди. 14-июль күнү иш-чаралар улантылат», — деп берилет маалыматта.
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума