16:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекке Европа өлкөлөрүнөн 164 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Европа өлкөлөрүнөн 164 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, алар «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамынын чартердик рейси аркылуу келишкен.

«Бишкекке келген кыргызстандыктардын арасында Беларуссиядагы жарандардан сырткары Австрияда, Бельгияда, Улуу Британияда, Германияда, Грецияда, Италияда, Литвада, Польшада, Украинада, Францияда, Филиппинде, Францияда, Норвегияда, Швейцарияда, Швецияда, Түштүк Африкада окуган студенттер дагы бар», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, пандемия башталгандан тартып чет өлкөдөн алынып келингендердин саны 20 миңден ашты. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан келгендер.

Эң көп окулган жаңылыктар