2020-жылдын 9-июлдан 11-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, ал эми айрым райондордо мөндүр аралаш жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Маалым болгондой, мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
»Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. ӨКМ тарабынан калктын өмүрүнө зыян келтирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 8-июль күнү №02-34/511-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилди”, - деп берилет маалыматта.
Ошондой эле, ӨКМ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.