21:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ишкерлер Орто-Сай базарын карантинге жабууну талап кылышууда

Бишкекте Орто-Сай базарынын буйум-тайым бөлүмүнүн ишкерлери жана салык төлөөчүлөр карантинге жабылууну талап кылышууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кайрылуусунда айтылат.

«Кулун-Ата» базарынын ишкерлеринин айтымында, карантин аяктаган соң Орто-Сай базары ачылгандан тартып соода-сатыктын деңгээли кескин түрдө түшүп кеткен. Июнь айында түшкөн каражат жада калса салык жана ижара акысын төлөөгө дагы жетпейт. Ишкерлердин көбү насыя алып иштетишет, айрымдары квартирасын ижарага алып жашашат жана балдарын бага аллбай аткан жалгыз бой энелер бар.

1-июлда коомдук транспортко чектөө киргизилгендиктен Орто-Сай базарына келгендердин саны 90 пайызга кыскарды, ал эми дем алыш күндөрү соода-сатык таптакыр эле жокко эсе.

«Сыртынан караганда базарда адам көп жүргөндөй, бирок келгендер базарды кыдырып жүрүшкөнү менен эч нерсе сатып алышпайт, ошол эле учурда алар өзүлөрүнө жана базар кызматкерлерине коркунуч туудурушат. Себеби алардын ичинен вирус алып жүргөндөр болсо базардагы кардарларга, кызматкерлерге жана алардын жакындарына жуктуруп Орто-Сай базары илдеттин очогуна айланышы мүмкүн. Учурда Кыргызстанда коронавирус инфекциясы күч алып, илеттин айынан көз жумгандардын саны көбөйүп жатат. Андыктан биз базарды жабууну талап кылабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле ишкерлер бардык төлөмдөрдү токтотууну суранышууда, анын ичинде: контейнердин ижара акысы, жер салыгы жана патент төлөмдөрү бар.

«Эгер биздин талап аткарылбаса биз өзүбүз карантинге жабылабыз. Жер салыгына, ижара акысына жана патенке эч кандай акча төлөбөйбүз. Эгер өкмөт бизди жана өзүнүн жарандарына кам көрбөсө, биз өзүбүз өзүбүзгө жана башкалар өздөрүнө кам көрсүн», — деп жыйынтыкташкан ишкерлер.

Эң көп окулган жаңылыктар